кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

КР ТИМдин координациялоочу ролу жөнүндө жарлыгы


КР ТИМдин координациялоочу ролу жөнүндө жарлыгы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 14-ноябры ПЖ N 543

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын
жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү
жөнүндө

Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы N 609 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому

(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ N 607 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)

Тышкы саясий иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча 2005-жылдын 15-октябрындагы республикалык кеңешмеде коюлган милдеттерге ылайык, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы N 131 Мыйзамына ылайык жана эларалык аренада Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий багытын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин координациялоочу ролун күчөтүү максатында токтом кылам:
1. Тышкы саясий багытты турмушка ашырууда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жана эларалык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруу максатында эларалык иш маселелери жагынан аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик органдарын координациялоону жана өзара аракеттенишин камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин структурасында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттер жана эларалык уюмдар менен мамилелер жагынан Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелеринин аткарылышына контролдук кыла турган башкы орган болуп санала тургандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык саясатын турмушка ашырууда мамлекеттик органдарга жана экономикалык субъекттерге көмөк көрсөтүү боюнча функциялар жүктөлсүн.
Республиканын министрликтери, ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары (мамлекеттер аралык мааниге ээ болгон) маанилүү ишчаралар тууралу дайыма маалымдап турсун.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы саясий жана тышкы экономикалык таламдарына тиешелүү, анын ичинде чет өлкөлүк делегацияларды, мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасына чакыруу, Кыргыз Республикасынын сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү жана эларалык келишимдерин, анын ичинде ведомстволор аралык мүнөздөгү келишимдерин түзүү жөнүндө сунуштарды мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылганга чейин милдеттүү тартипте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашат.
4. Мамлекеттин тышкы саясатынын маселелери боюнча расмий билдирүүлөр жана демилгелер менен Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, ошондой эле алардын тиешелүү тапшырмасы боюнча башка адамдар чыга тургандыгы белгиленсин. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары айрым тышкы саясий маселелерди козгогон билдирүүлөр менен белгиленген тартипте бекитилген, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашылган позицияларда гана чыга алат.
Тышкы саясий мүнөздөгү расмий маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басмасөз катчылары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басмасөз кызматы жарыя кылат.
5. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин башчылары өздөрү жүргөн мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий багытын макулдашып жүргүзүүнү камсыз кылсын жана бул максатта өзү турган мамлекетте Кыргыз Республикасынын башка кызмат адамдарынын ишин координациялоону жүзөгө ашырсын.
Көрсөтүлгөн өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери өз ишин белгиленген тартипте элчи (Элчилик жок болгон учурда Башкы консул) менен макулдашууга, элчи ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан учурда ага көмөк көрсөтүүгө, өзүнүн иши жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына расмий түшүндүрүүлөрдү жана сунуштарды берип турсун;.
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин структураларынын жана кызмат адамдарынын ушул Жарлыкта белгиленген тартиптин бузулушуна алып келген аракеттери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине билдирип турсун.
7. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ N 607 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин кызматтык айлык акылары тиркемеге ылайык белгиленсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Жарлыктын 7-пунктун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин структурасын кайра карап чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ушул Жарлыкта аныкталган статусуна жана ыйгарым укуктарына таянуу менен анын финансылык, материалдык-техникалык жана башка маселелерин зарылчылыкка жараша оперативдүү чечсин;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана анын мекемелери консулдук кызмат көрсөткөндүгү үчүн акы алуудан келип түшкөн бардык каражаттарды алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана кеңейтүүгө жумшасын;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
10. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
Кыргыз Республикасынын учурдагы муктаждыктарын жана стратегиялык таламдарын эске алуу менен өткөн жылдардын тажрыйбасын жалпылаган жана жаңы милдеттерди аныктаган мамлекеттин тышкы саясатынын Концепциясынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин.
11. "Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий багытын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин координациялоочу ролу жөнүндө" Президенттин 1997-жылдын 15-сентябрындагы N 253 Указы күчүн жоготту деп табылсын.
12. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.
13. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Август 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика