кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Элчи Н.Ниязалиев Катардын Борбордук банкынын Башкаруучусу Шейх Абдулла бин Сауд Аль-Тани менен жолукту


Үстүбүздөгү жылдын 9-январында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нуран Ниязалиевдин Катардын Борбордук банкынын Башкаруучусу Шейх Абдулла бин Сауд Аль-Тани менен жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланып, ошондой эле 2019-жылдын календарлык планына киргизилген эки тараптуу иш-чаралар макулдашылды. Элчи Нуран Ниязалиев республикада каржылоо ислам принциптерин жайылтуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, бул тармактагы катарлык тажрыйба менен таанышууга кызыкдар экендигибизди белгиледи. Өз тарабынан Шейх Абдулла бин Сауд Аль-Тани Кыргызстан менен Катардын ортосундагы эки тараптуу мамилелер күчөп баратканын канааттануу менен билдирди жана банктар аралык тармагында өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуулугун белгилеп, ошондой эле катарлык банктардын өкүлдөрүнүн Бишкекке сапарын уюштурууну сунуштады.

Жолугушуунун аягында Элчи Н.Ниязалиев Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Төрагасы Т.Абдыгуловдун Шейхке жиберген чакыруусун тапшырды.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Май 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика