кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Д.Касеиновдун КР ТИМ башчысы Ч.Айдарбековго жиберген куттуктоо телеграммасы


Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министри Ч.А. Айдарбековго




Урматтуу Чынгыз Азаматович!

Түрк маданият эл аралык уюму ТҮРКСОЙ баш катчылыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан сизди Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалышыӊыз менен чын ыкласымдан куттуктаймын!

Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү учурда сизге ушундай жогорку ишенимдин жүктөлүшү – буга чейинки мамлекеттик жана дипломатиялык жогорку кызматтарда аткарган эмгектериӊиздин өтөлгөсү, демилгелүүлүгүӊүздүн жана уюштуруучулугуӊуздун натыйжасы деп түшүнөм.

Сиз аркылуу Кыргызстанда эл аралык мамилелер толук жолго коюлушуна, гүлдөп өнүгүшүнө тилектешмин! Өлкөӊүздө ар дайым тынчтык, ынтымакчылык жана ургаалдуу өсүп-өнүгүү болсун!

Сиздин колдооӊуз менен ТҮРКСОЙдун Японияда даярдалып жаткан Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу иш-чарасы, башка маданий эл аралык иш-чаралар ийгилик менен соӊуна чыгат деген ишенимдемин.

Жеке өзүӊүзгө жана үй-бүлөӊүзгө аманчылык менен бакубатчылыкты, түрк дүйнөсүнө берилгендикти каалаймын!


ТҮРКСОЙ баш катчысы
Дүйсен Касеинов




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Апрель 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика