кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Брюссель ш. КР менен ЕБ ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн 5-раунду болуп өттү


2018-жылдын 17-18-октябрында Брюссель шаарында Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө жаңы макулдашуунун долбоору боюнча (КР-ЕБ КӨКМ) өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн 5-раунду болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын делегациясын КР Тышкы иштер министринин орун басары Н. Абдрахманов жетектеди, ЕБ делегациясын Россия, Чыгыш өнөктөштүк, Борбор Азия жана ЕККУ Европа тышкы байланыштар боюнча Департаментинин директору Люк Девинь жетектеген.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар КР-ЕБ КӨКМ боюнча сүйлөшүүлөр конструктивдүү жакшы арышта өтүп жаткандыгын, анда бир катар оор принципиалдуу маселелер боюнча компромистүү варианттарды табышып жана тараптар ишти ушул эле динамикада улантуусу зарыл экендигин белгилешти.

Министрдин орун басары Н. Абдрахманов европа тарабына ушул раундду өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун ЕБ Өкүлчүлүгүнүн төрагасы Эдуард Ауэр менен Кыргызстанда болгон жолугушуусунун жүрүшүндө КР жана ЕБ кызматташуусундагы башка маселелер менен чогуу Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарына киргизилген, 2019-жылы КР-ЕБ жаңы КӨКМ түзүү маселеси да талкуулангандыгын белгиледи.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Апрель 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика