кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиев ТИМ жааматына жаңы дайындалган Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековду тааныштырды


Бүгүн, 2018-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин жааматына жаңы дайындалган Тышкы иштер Министри Чингиз Айдарбековду тааныштырды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жетектөөчү ролун жана эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын натыйжалуу алдыга жылдыруу үчүн конкреттүү максаттарды койду.

Өз кезегинде, Министр Ч.Айдарбеков дипломатиялык кызматтын негизги пландаштырылган реформаларын артыкчылыктуу иш-чаралар жөнүндө, ошондой эле министрликтин ишмердүлүүгүн оптималдаштыруу боюнча маалымат берди.

Министр Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго, Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы М.Д.Абылгазиевге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарына көрсөткөн жогорку ишенимине терең ыраазычылык билдирип, КР ТИМнин алдыга коюлган максаттарын аткаруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшаарын айтты.





Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Апрель 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика