кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Берлин шаарында мекендештер менен жолугушуу өткөрүлдү


2018-жылдын 13-октябрында Берлин шаарында, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги Германияда жашаган мекендештер менен салттуу жолугушууну өткөрдү.

Ошондой эле Элчилик, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Эринес Оторбаев меймандарга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар Элчиликке жакшы салт болуп, ошондой эле мекендештердин баарлашуусуна зор мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн белгиледи.

Андан тышкары, Кыргызстандын Германиядагы Элчиси ушундай
иш-чаралар, айрыкча Германиянын алыскы шаарларында жашап, иш күндөрү алек болуп Берлинге келе албаган жарандарыбызга
консулдук-укуктук тармагында кошумча консультацияларды алууга жакшы шарт түзгөндүгүн баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында заманбап жанрдагы Эламан Каныбеков & Чолпон Мелисбекова (Elaman & Cholpon) белгилүү комузчулар дуэтинин концерти өткөрүлдү.

Концерт Кыргыз Республикасынын Гамбург шаарындагы Ардактуу консулу Карл Элердинг мырзанын колдоосу менен уюштурулду. Кыргызстандын маданиятынын жаш кызматкерлеринин өнөрлөрүн мекендештер чоң кубаныч менен кабыл алгандыгын белгилей кетиш керек.

Маданий программадан соң, улуттук тамак уюштурулду. Кыргызстандыктар менен жолугушуу достук жана жылуу маанайда өткөрүлдү.







Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Апрель 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика