кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткө


2018-жылдын 5-октябрында Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чарага Пакистан Ислам Республикасынын мамлекеттик мекемелеринин жетекчилери жана чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, кыргыз диаспора жана студенттер, ошондой эле жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын ардактуу коногу болуп Пакистан өкмөтүнүн атынан Федералдык Дин иштер министри Нур ул Хак Кадри мырза катышты.

Элчи Эрик Бейшембиев өз сөзүндө чогулгандарды салаттанаттуу күн менен куттуктап, «бардык кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстан демократия жана либералдык экономика жолунда тездик менен өнүгүп жатат» деп белгиледи. Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер түзүүлгөндөн баштап, эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча динамикалык өсүү менен мүнөздөлөт деп белгиледи.

Өз кезегинде, Пакистан тараптын өкүлү – Федералдык Дин иштер министри Нур ул Хак Кадри Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Иш-чарага катышкан коноктордун көӊүлүнө инвестиция жана туризм боюнча сүрөт көргөзмөсү, концерт жана «Кара-Жорго» бийи сунушталды.

Иш-чара майрамдык жана достук маанайда өттү.
Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткө
Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткө
Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткө




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика