кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчиси Ж.Шариповдун Украинанын Улуттук илимдер академиясынын Президенти Б.Патон менен жолугушуусу өткөрүлдү


Үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Украиндагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Украиндагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шариповдун Украинанын Улуттук илимдер академиясынын Президенти Б.Патон менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын жана Украинанын ортосундагы илим жана илимий технологияларды өнүктүрүү жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. Украин тарабы Эл аралык илимдер академиясынын ассоциациясынын алкагында кызматташууну жана иш-алып барууну дагы да өнүктүрүү керек экендигин баса белгиледи. Кыргыз Республикасы менен Украинанын Илимдер академияларынын ортосунда 2009-жылы эки тараптуу кызматташуу жөнүндө Келишимге кол коюлган; тараптар аталган Келишимди азыркы учурдун талабына жараша туура келтирип, кайрадан кол коюуга кызыктар экендигин билдиришти.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосунда илим жаатында түзүлгөн мамилени тереңдетүүгө, дагы да өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирди.





Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Октябрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика