кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Башкы консул Б.Салимжановдун «Гранд Азия Карго» компаниясынын жана «Таганский ряд» ЖАКнун ѳкүлдѳрү менен жолугушту


2018-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Бообек Салимжановдун «Гранд Азия Карго» компаниясынын (Кыргызстан) жана «Таганский ряд» ЖАКнун ѳкүлдѳрү менен биргелешкен жолугушуулары, алгач аталган жабык акционердик коомунун кеңсесинде, андан соң Башкы консулдукта болуп ѳттү.

Жолугушууларда Башкы консул Б.Салимжанов, консул Н.Алымбеков, «Гранд Азия Карго» компаниясынын ѳкүлү Р.Сабиров, «Таганский ряд» ЖАКнун Директорлор кеңешинин тѳрагасы, Свердловск облусунун Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты А.Никифоров, «Кыргызстан-Урал» Свердловск облустук коомдук уюмунун тѳрагасы К.Каримов жана аталган диаспоралык бирикмесинин тѳрагасынын орун басары М.Полотбеков катышышты.

Жолугушуулардын жүрүшүндѳ Р.Сабиров «Гранд Азия Карго» компаниясынын мүмкүнчүлүктѳрү тууралуу айтып берди, ошондой эле Екатеринбург шаарында ишкананын филиалын ачуу аркылуу Кыргызстандан товар ташуу боюнча орус тарабы менен кызматташуунун пландары талкууланды.

Орус тараптан россиялык ѳндүрүүдѳгү ар түрдүү жабдыктар жана курулуш материалдарын Урал федералдык округунан Кыргызстанга ташуу багытында кызматташуу сунушталды.

Жолугушуулар конструктивдүү маектешүү маанайында ѳттү.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика