кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Шекспирдин туулган жери - Стратфорд-апон-Эйвон шаарында жазуучусу Ч.Айтматовдун 90-жылдык маарекесине арналган «Айтматов окуулары» иш-чарасы уюштуруулду


Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги британиялык Стратфорд-апон-Эйвон шаарынынын Шекспир фондусу менен бирдикте кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдык маарекесине арналган «Айтматов окуулары» иш-чарасын уюштурууп өткөрүштү. Аталган иш-чарага чыгармачылык чөйрөлөр, Шекспир фондусунун жана ошондой эле Стратфорд-апон-Эйвон шаарынын кеңири коомчулугунун өкүлдөрү катышышты.

Өзүнүн кириш сөзүндө Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчиси Г.Т.Искакова Ч.Айтматов жана анын чыгармачылыгы жөнүндө, ошондой эле бүткүл дүйнөгө таанымал жазуучубуздун маарекесине арналып өткөрүлүп аткан иш чаралар тууралуу иш-чаранын катышуучуларына айтып берди.

Ушул өткөрүлүп аткан иш-чарага катышуу учун, Элчиликтин чакыруусу менен атайын Кыргызстандан Улуу Британияга келген артистер, британиялык артистер менен бирдикте кыргыздын улуу жазуучусунун чыгармаларынын үзүндүлөрүнүн мазмунун көрүүчүлүргө тартуулашы.

Атап айтсак, артистер Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» аттуу чыгармасынан үзүндүнү ойноп көрсөтүштү. Бул кыскача спектаклде көрүүчүлөр төмөндөгү каармандарды көрүштү, мисалы: Толгонайды – британиялык актриса Кейти Травельяндын аткаруусунда (Британиялык «Орзу Артс» Борбордук Азия театрынын актрисасы), Субанкулду – Алымкул Исаков, Кыргызстандык актердун аткаруусу менен (КРнын эмгек сиңирген артисти). Актерлордун көркөм кийимдери ошол өткөн мезгилдин өзгөчөлүгүн көрсөтүп, көрүүчүлөрдү өзгөчө бир чөйрөгө бөлөдү.

Өз иретинде Шекспир фондусунун өкүлдөрү Уильям Шекспирдин чыгармаларынан үзүндүлөрүн окуп беришти. Ал эми кыргыз маданиятынын өкүлү - Алымкул Исаков, алмашуу ирети катарында, Уильям Шекспирдин кичи мекенинде «Ричард III» спкетаклинин үзүндүсүн кыргыз тилинде ойноп берип, британдык көрүүчүлөрдү аябай кубандырды.

Иш-чаранын алкагында, улуу жазуучубуздун мекени болгон Кыргызстандын кооз жана сонун жерлери тууралу видео-роликтер көрсөтүлдү.






Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика