кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчиси Н.Ниязалиевдин Доха Муниципалитетинин Директору Жамал Матар Аль-Наими мырза менен жолугушуусу болуп өттү


Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нуран Ниязалиевдин Доха Муниципалитетинин Директору Жамал Матар Аль-Наими мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Аталган жолугушууда, 2014-жылдын декабрында кол коюлган Бишкек жана Доха шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерин орнотуу жөнүндөгү Келишимдин алкагында, борбор шаарлардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды. Элчи Нуран Ниязалиев Бишкек шаарынын учурдагы абалы, соода-инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана А.Суракаматовдун борбор калаанын мэри болуп жаңы шайлангандыгы тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек менен Доха ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өз ара мамилелерди жандандыруу, анын ичинде эки тараптуу сапарларды уюштуруу жөнүндөгү макулдашуулар жетишилди.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика