кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы Ислам Кызматташ Уюмунун координациялык жолугушуусуна катышты


Ушул жылдын 28-сентябрында Нью-Йорк шаарында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы Ислам Кызматташ Уюмунун (ИКУ) тышкы иштер министрлеринин жыл сайын өтүүчү Координациялык жолугушуусуна катышты.

Жолугушууда мусулман мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери ислам дүйнөсүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде биримдикти жана тилектештикти чыӊдоо, эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы туруу, жакынкы чыгыш регионундагы аскердик-согуштук абалды жөнгө салуу көйгөйлөрүн талкуулашты.

Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев өз сөзүндө эл аралык кызматташууда Кыргызстандын БУУнун Уставдарына жана принциптерине бекем берилгендигин белгиледи жана ИКУ өлкөлөрү менен соода-экономикалык байланышты өнүктүрүүгө багытталган кызматташтыкты өнүктүрүүгө биргелешип күч жумшоого жана Уюмга мүчө-мамлекеттерде социалдык, экономикалык жана билим берүү программаларын кеӊейтүүгө чакырды.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика