кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Элчи Н.Ниязалиев Катардын туризм башкармалыгынын Тѳрагасы Хасан Аль-Ибрагим менен жолугушту


Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси Нуран Ниязалиев Катардын туризм башкармалыгынын Тѳрагасы Хасан Аль-Ибрагим менен Доха шаарында жолугушту.

III-ү Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарына катарлыктарды чакыруу жана Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы туризм жаатындагы кызматташууну ѳнүктүрүү жолугушуунун негизги темасы болду. Элчи Нуран Ниязалиев кѳчмѳндѳр оюндары, анын тарыхы, негизги вазийпасы жана максаты тууралуу атайын презентация жасап, «Кѳчмѳндѳр ааламы» этнофестивалына Катардын туризм башкармалыгынын катышуусун сунуштады. Мындан тышкары, ал кыргыз жергесинин туризм мүмкүнчүлүктѳрү жѳнүндѳ кеңири маалымат берип, 2014-жылы кол коюлган туризм боюнча кызматташуу меморандумунун толук аткарылуусу жана эки ѳлкѳгѳ туристтерди тартууда биргеликтүү иш алып баруу зарыл экендигин баса белгиледи.

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын жарандарына Катар Мамлекетинин визасын алуу тартибин жеңилдетүү маселеси дагы талкууланды.





Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Октябрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика