кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Элчи Ч.Эшимбеков Бириккен Араб Эмираттарынын Эл аралык инвестициялык кеңешинин Башкы катчысы Жамал Саиф Аль Жарван мырза менен жолукту


Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ч.Эшимбеков Бириккен Араб Эмираттарынын Эл аралык инвестициялык кеңешинин Башкы катчысы Жамал Саиф Аль Жарван мырза менен жолугугушуу ѳткѳрдү.

Бириккен Араб Эмираттарынын Эл аралык инвестициялык кеңеши эмираттык инвесторлордун чет ѳлкѳлѳрдѳгү инвестициялык иш аракеттерин координациялоо жана аларга кѳмѳк кѳрсѳтүү үчүн түзүлгѳн мамлекеттик мекеме болуп эсептелет. Кенеш Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик органдарынын жана ири бизнестин ѳкүлдѳрүнѳн түзүлгѳн.

Жолугушуу учурунда эмираттык компаниялардын Кыргыз Республикасындагы инвестициялык долбоорлорун ѳз ара пайда кѳрүү негизинде ишке ашырууга катышуусун талкууланды. Инвесторлор үчүн келечектүү болуп айыл-чарба жана тоо-кен, энергетика жана туризм тармактары аталган.

Жамал Жарван мырза эки тараптуу экономика жана инвестиция жаатындагы кызматташууну кеңейтүү тууралуу кыргыз элчинин сунуштарын колдоорун билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы алгачкы жана жакынкы убакта ѳтѳ турган экономикалык кызматташуу тармагындагы иш чаралар боюнча пикир алмашуу орун алды.





Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Июнь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика