кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Волгоград шаарында КРнын РФдагы Элчилигинин кызматкерлери Волгоград шаарындагы мекендештер менен жолугушту


2018-жылдын 16-майында Волгоград шаарында КРнын РФдагы Элчилигинин жана КРнын Өкмөтүнө караштуу миграция боюнча мамлекеттик кызматынын РФдагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Волгоград шаарындагы мекендештер жана кыргыз диаспорасынын активисттери менен жолугушту.

Жолугушууда 2018-жылы Россия Федерациясында FIFA Футбол боюнча чемпионатын даярдоо жана өткөрүү максатында үстүбүздөгү жылдын 25-майынан 25-июлуна чейин Футбол чемпионаттын оюндарын кабыл алган Россиянын 11 шаарында коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн чаралар көрүлөрү, миграциялык мыйзамдар жаатында чет өлкөлүк жарандар РФнын Президентинин 2017-жылдын 9-майындагы № 202 Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу РФнын Президентинин 2018-жылдын 12-майындагы №214-Жарлыгына ылайык РФнын мыйзамдарында белгиленген тийиштүү документтерди көрсөткөн учурда РФнын аймагына кирген күндөн баштап турган орду же жашаган орду боюнча үч сутканын ичинде каттоого туруусу тууралуу убактылуу эреже киргизилгендиги тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле каттоого туруу РФнын ИИМнин аймактык бөлүмдөрүндө жана көп функционалдык миграциялык борборлордо ишке ашырылары жана жолугушуунун катышуучулары туугандарына, жалпы мекендештерге аталган өзгөрүүлөр тууралуу маалымат жеткирүү керектигин белгилешти.

Ошол эле учурда Футбол оюндары өткөрүлө турган шаарларга жогоруда белгиленген мезгилде зарыл болбосо, келүүдөн баш тартуулары тууралуу сунуштарын билдиришти.

Ошондой эле КРнын РФдагы Элчилигинин жана КРнын Өкмөтүнө караштуу миграция боюнча мамлекеттик кызматынын РФдагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Россиянын ИИМнин Волгоград шаары боюнча Башкармалыгынын жетекчилиги менен жолугушуп, аталган аймакта КРнын жарандарынын туруусу, ошондой эле Футбол боюнча чемпионатты өткөрүүнүн алкагында укук коргоо органдары тарабынан көрүлгөн чаралары боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Июнь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика