кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Элчи Ч.Эшимбеков Бириккен Араб Эмираттарынын Федералдык Улуттук Кеӊешинин биринчи Вице-Спикери Марван Ахмад бин Галита менен жолукту


2018-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Бириккен Араб Эмираттарынын Федералдык Улуттук Кеӊешинин (парламентинин) биринчи Вице-Спикери Марван Ахмад бин Галита менен жолукту.

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы өз ара парламенттик байланыштарын мындан ары бекемдөө жолдору тууралуу пикир алмашуу болуп өттү. Элчи Ч.Эшимбеков маектешине КРнын Жогорку Кеӊешинин парламенттик ишмердүүлүгү жөнүндө кеӊири маалымат берди. Тараптар Кыргызстан жана БАЭнин учурдагы өнүгүү жолунда улуттук парламенттеринин маанилүү ордун белгилеп кетишти.

Ошондой эле, тараптар ар кандай багыттардагы, анын ичинде маданий-спорт иш-чаралар тармагындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин козгошту. Андан сырткары, маек учурунда жакынкы убакта өтө турган белгилүү иш-чаралар, демилгелер, айтсак Кыргызстанда 2018-жылы өтө турган Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары жана БАЭде 2019-жылы боло турган футбол боюнча Азия чемпионаты талкууланды.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Октябрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика