кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары боюнча кеңири маалымат берилди


үчүнчү Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары боюнча кеңири маалымат таркатуу макасатында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчиси Нуран Ниязалиев катарлык «Аль-Ганнас» салттуу оюндар коомунун Тѳрагасы Али бин Хатем Аль-Михшади жана анын орун басары Мохаммед бин Абдуллатиф Аль-Мисснед менен жолугушуу ѳткѳрдүү.

Жолугушуу учурунда Элчи Нуран Ниязалиев «Аль-Ганнас» коому Биринчи жана Экинчи Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарына түздѳн-түз катышып, 2016-жылы кээ бир мелдештерде утуп чыккандарга ѳздѳрүнүн акчалай жана материалдык байгелерин бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирди. Келерки үчүнчү Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарынын ѳзгѳчѳлүктѳрү тууралуу кеңири маалымат берип, этноспорттун кээ бир түрлѳрүнѳ катарлык ѳкүлдѳрдүн катышуусун сунуштады жана тышкары этномаданият иш-аракеттеринин алкагында катар элинин маданиятын, салтын жана фольклордук баалуулуктарын тартуулоого чакырды. «Аль-Ганнас» коомунун жетекчилиги Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарынын вазийпасына жана максаттарына толук колдоо кѳрсѳтүү менен, келерки оюндарга катарлыктар катышууга кызыкдар экендигин билдирди.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Июнь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика