кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Д.Кемелова Вена Дипломатиялык академиясынын өкүлү жана студенттери менен жолукту


2018-жылдын 6-апрелинде Казы Дикамбаев атындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Чынара Адамкулова, Вена Дипломатиялык академиясынын директорунун биринчи орун басары Сюзанна Кепплер – Шлессингер жана Дипломатиялык академиясынын студенттери менен жолугушушту.

Жолугушуу дискуссия түрүндө өтүп, аны Дипломатия академиясынын ректору Чынара Адамкулова ачты. Ректор Чынара Адамкулова жолугушууга келгендиги үчүн конокторго ыраазычылык билдирди жана дипломатиялык академиянын негизги иш багыттары жөнүндө айтып берди. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Динара Кемелова сөз алып, Кыргызстан жөнүндө кыскача маалымат берип, Кыргызстандын ачык жана демократиялык өлкө болуп саналарын белгилеп кетти.

Ошондой эле, министрдин Биринчи орун басары коопсуздук, жашыл экономика, суу пайдалануу тармагындагы изилдөөлөр, ошондой эле дипломатия жаатында кызматташуу сунушун айтты. Жайында Борбор Азия, Афганистан жана Монголия өлкөлөрүнүн жаш дипломаттары үчүн Ысык-Көлдө өтө турган Эл аралык жайкы мектепте лекция окуп берүүгө Вена Дипломатиялык академиясынын өкүлдөрү чакырылды.

Вена Дипломатиялык академиясынын директорунун биринчи орун басары Сюзанна Кепплер – Шлессингер жолугушуу үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык академиясы менен кызматташууга даяр экендигин айтты. Жолугушуунун жүрүшүндө, Вена Дипломатиялык академиясынын студенттери кыргыз тарабына Кыргыз Республикасынын өнүгүүсү, тышкы саясаты жана чет мамлекеттер менен болгон өз ара мамилеси жөнүндө суроолорду беришти.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Август 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика