кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси А.Бозжигитовду кабыл алды


2018-жылдын 7- февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Айымдос Байжигитов менен жолугушту.

Э.Абдылдаев А.Бозжигитовго кыргыз-казак мамилесинин өнүгүшүнө активдүү катышып, чоӊ салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле ага мындан аркы иштеринде ийгилик каалады. Өз кезегинде Элчи кыргыз тарабына биргелешип иштешкендиги жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык сөзүн айтты.

Тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын кеӊири маселелерин, анын ичинде 2017-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасына жасаган биринчи расмий иш сапарында жетишилген келишимдерди жүзөгө ашырууну талкуулашты. Эл аралык жана аймактык уюмдарда өз ара аракеттенүү боюнча дагы пикир алмашуулар болду.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика