кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

КРнын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Д.Мукашев Бүткүл Дүйнөлүк Соода уюмунун Башкы директору Р.Азеведо менен жолукту


2018-жылдын 6-февралында Женева шаарындагы КРнын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Данияр Мукашев Бүткүл Дүйнөлүк Соода уюмунун Башкы директору Роберт Азеведо менен жолугушуп, ага өлкөнүн ТРИПС Макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколго кошулуу боюнча кыргыз тарабынын ички мамлекеттик процедуралары аяктагандыгы тууралуу ратификациялык грамотасын тапшырды.

Сүйлөшүүлөрдө Д.Мукашев Кыргыз Республикасынын ТРИПС Макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколду ратификациялашы дагы бир жолу өлкөнүн БДСнун эрежелерине жана нормаларына, эркин соода жүргүзүүгө, ошондой эле интеллектуалдык менчик укугун эффективдүү коргоого берилгендигин көргөзө турганын белгилеп кетти.

Өз кезегинде Р.Азеведо, ТРИПС Макулдашуусундагы дары каражаттарына жетүүнү оӊойлотууга багытталган өзгөртүүлөр, жеткиликтүү дары-дармектерге муктаж Кыргыз Республикасы үчүн дагы көп мааниге ээ экендигин айтты.

Ошондой эле жолугушууда тараптар, Кыргыз Республикасы менен БДСнун кызматташтыгынын маанилүү жагдайларын талкуулашты жана биздин өлкө үчүн маанилүү багыттарда биргелешкен тыгыз иштерди алып баруу жөнүндө макулдашышты.

Маалымат: Интеллектуалдуу менчик укугунун соода жагдайлары боюнча Макулдашуу (ТРИПС) – эл аралык макулдашуу болуп саналат жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндө документтердин пакетине кирип, интеллектуалдуу менчикти БДСнун алкагында коргоону жөнгө салат.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика