кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси Д.Сыдыков Өзбекстандын Жогорку Сотунда өткөн “тегерек столго” катышты


2018-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчиси Данияр Сыдыков Өзбекстандын соттук-укуктук системасын мындан ары реформалоого жана мыйзамдын жогорулугун камсыз кылуу жаатындагы иш-чараларды аткарууга арналган Өзбекстандын Жогорку Сотунда өткөн “тегерек столго” катышты.

Иш-чарага Өзбекстандын Жогорку Сотунун Төрагасы Козимжан Камилов, Жогорку Соттун судьялары, Өзбекстандын “Өнүктүрүү стратегиясы” жана адам укугу боюнча Борборунун жетекчилери, чет элдик эчилер, өлкөдө аккредиттелген БУУнун Өнүктүрүү Программасынын, БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жогорку соттун төрагасы К.Камилов Президент Шавкат Мирзиёевдин республиканын Олий Мажлисине кайрылуусунда аныкталган 2017-2020-жылдарга карата Өзбекстан Республикасын беш артыкчылыктуу багытта өнүктүрүүнүн Стратегиялык аракетин жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик программада каралган, соттук-укуктук системасындагы учурдагы реформалардын жүрүшү жөнүндө баяндама жасады.

Кыргызстандын Элчиси Д.Сыдыков өзүнүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө Өзбекстан Республикасындагы улуттук соттук-укуктук системасын түп тамырынан бери реформалоонун жүрүшү менен куттуктады жана 2012-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Респуликасындагы сот адилеттигин жакшыртуу боюнча чаралар” аталган Президенттин Жарлыгынын алкагында жүзөгө ашырылып жаткан, Кыргызстандын сот реформасындагы негизги жетишкендиктер тууралуу айтып берди. Элчи, бир тууган Өзбекстан Республикасы сыяктуу эле Кыргыз Республикасында дагы, мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүдө жана жарандык коомду курууда сот системасы маанилүү роль ойной тургандыгын белгилеп кетти. Ошондой эле сот системасын реформалоо жалпы улуттук “Таза коом” санариптик трансформациялоо программасынын маанилүү бөлүгү – Кыргыз Республикасын 2040-жылдарга чейин туруктуу өнүктүрүү Стратегиясынын негизги компоненти болуп саналарын айтты.





Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика