кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Д.Кемелова Швейцариянын суу маселеси боюнча атайын өкүлү М.Мордазини менен жолугушту


2018-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Динара Кемелова Швейцария Конфедерациясынын суу маселеси боюнча Кыргызстандагы атайын өкүлү М.Мордазини менен жолугушту. Жолугушууга Швейцариянын КРдагы Элчиси В.Ульманни айым дагы катышты.

Тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын окшош жактарын эске алуу менен кыргыз-швейцария кызматташтыгынын ар түрдүү тармактарын, анын ичинде тоолуу жерлерде кырсыктардын алуу жана тоолордун экосистемасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Уран калдыктарынын көйгөйү, сууэнергетикасын өнүктүрүү, ошондой эле аймактагы суу-энергетикалык ресурсун комплекстүү пайдалануу маселелери да каралды.

Министрдин Биринчи орун басары Д.Кемелова Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнө көрсөткөн колдоосу үчүн Швейцарияга ыраазычылык билдирди жана Орто Азия мамлекеттеринин кызыкчылыгын эске алуу менен сууну пайдалануу тармагындагы кызматташтыкты алдыга жылдыруунун зарылдыгын белгилеп кетти.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика