кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Абу-Даби шаарында кыргыз-эмират ТИМ аралык биринчи саясий консультациясы болуп өттү


2018-жылдын 31-январында Абу-Даби шаарында, БАЭде, кыргыз-эмират ТИМ аралык биринчи саясий консультациясы Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Нурлан Абдрахмановдун жана Бириккен Араб Эмиратынан Якуб Юсуф Аль-Хосанинин деңгээлинде болуп өттү.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири маселелерин, бүгүнкү учурдагы саясий, соода -экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыктын абалын талкуулашты.

Делегация башчылары эң жогорку жана жогорку деңгээлдерде иш сапарларын алмашуу, ошондой эле парламенттер аралык байланышты кеңейтүү жолу аркылуу, эки өлкөнүн саясий байланышын тереңдетүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар аймактык көйгөйлөр маселелерин, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган эл аралык актуалдуу маселелерди дагы талкуулашты. Иш сапары учурунда КР Тышкы иштер министринин орун басары Н.Абдрахманов Абу-Даби Өнүктүрүү Фондунун башкы директорунун орун басары Халифа Абдулла Аль-Кубейси менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Июнь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика