кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Цзянсу провинциясында Нанкин шаарынын «Бао Ли» чоӊ театрында «Манас» эпосу боюнча кытай тилиндеги операсынын бет ачары өттү.


2018-жылдын 4-5-январында Цзянсу провинциясында Нанкин шаарынын «Бао Ли» чоӊ театрында «Манас» эпосу боюнча кытай тилиндеги операсынын бет ачары өттү. Бул опера Жусуп Мамайдын «Манас» эпосу боюнча китебинин вариантынын негизинде Кытай Эл Республикасынын маданият министрлиги менен Кытайдын улуттук опера институтунун көмөк көрсөтүүсү менен коюлган.

Маалымат:2017-жылдын 30-сентябрында «Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 68-жылдык» улуттук майрамынын астында (1-октябры), Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында биринчи болуп Пекин шаарынын «Тянчяо» чоӊ театрында «Манас» эпосу боюнча кытай тилиндеги операсынын бет ачары болуп өттү.

Операнын сценарийи Кытайдагы белгилүү биринчи даражалуу сценарист Ван Сяолин тарабынан даярдалган. «Манас» операсын көрсөтүү үчүн эки жылдын ичинде даярдоо иштери жүрүп жатканын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Операнын постановкасында 100дөн ашык Кытайдын мамлекеттик театрларынын артистери катышкан.

Аталган опера 2017-жылдын сентябрь жана октябрь айларында болуп өткөндөй эле «Манас» жана «Семетей» эпосунун эӊ негизги мазмуну эки бөлүктөн турат, операнын сюжетинин негизинде Манас баатырдын даӊазалуу жеӊиштери жана өмүр жашоосу көрсөтүлгөн.Ошондой эле анын баласы Семетейдин жашоосу жана жетишкендиктери, Манас атасындай эрдиги, чет элдик баскынчыларды жеӊүүгө жетишкендиги көрсөтүлдү.






Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Июль 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика