кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Катар Мамлекетинде кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жана келе жаткан 90 жылдыгына арналган адабий кече ѳткѳрүлдү


Катар Мамлекетинде кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жана келе жаткан 90 жылдыгына арналган адабий кече ѳткѳрүлдү.

Чыңгыз Айтматовдун талантын баалаган жана анын чыгармачылыгына кызыккан адабият сүйүүчүлѳрү Катардагы Француз институтунда чогулушуп, «Жамийла», «Ак кеме» жана «Кош бол, Гүлсары!» аттуу чыгармалары боюнча ой-пикир алмашышты. Мындан тышкары, залкар жазуучунун ѳмүр-баянына арналган атайын презентация жана анын чыгармалары боюнча тартылган кѳркѳм тасмалардан үзүндүлѳр кѳрсѳтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчиси Нуран Ниязалиев кеченин катышуучуларына Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык ѳзгѳчѳлүктѳрү, дүйнѳлүк адабиятка кошкон баа жеткис салымы жана чет тилдерде чыккан китептери тууралуу айтып берди. Ал 2018-жылы атактуу жазуучунун 90 жылдыгы расмий түрдѳ белгилене тургандыгы боюнча кабарлап, бул иш-аракет эл аралык деңгээлде ѳтѳѳрүн айтты. Кеченин аягында Элчи Нуран Ниязалиев катышуучулардын Айтматов боюнча суроолоруна жооп берди.








Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Сентябрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика