кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин Сербияга болгон расмий сапары жөнүндө


2017-жылдын 5-6 -декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев Сербиянын Биринчи вице-премьер-министри И.Дачичдин чакыруусу боюнча Сербия Республикасына расмий сапар менен барды.

Визиттин алкагында Э.Абдылдаев Сербия Республикасынын Президенти А.Вучич, Премьер-министри А.Брнабич жана Биринчи вице-премьер-министри, Тышкы иштер министри И.Дачич менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кеңири спектрдеги маселелер – эки тараптуу жана көп тараптуу форматтардагы Кыргызстан менен Сербиянын кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле күн тартибиндеги эл аралык жана аймактык маселелер талкууланды.

Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүүнүн алкагында, биринчи кезекте КР менен Сербиянын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылдыгы белгиленди. Кыргыз тарабынын мындай демилгелеринин бири, сербия тарабына мекемелер аралык кызматташтыкты активдештирүүгө багытталган КР Тышкы иштер министрлиги менен Сербиянын ортосунда кызматташтык Программасын түзүү жөнүндө болду.

Cербия тарабына айыл-чарбасы, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларды жана товарларды жеткирүү жаатында, биргелешкен кыргыз-серб ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунуш кылынды.

Кыргызстан менен Сербиянын уникалдуу жаратылышын, дарылоо-курорттук жайларын, ландшафтын абдан көп түрлөрүн, тарыхый жана маданий жайларын, ошондой эле тоо туризми үчүн инфраструктурасын эске алуу менен, өзгөчө көңүл туризм тармагында кызматташууга бурулду.

Министр Э.Абдылдаевдин визитинин учурунда эң башкы иш –чаралардын бири, КР Өкмөтү менен Сербиянын ортосунда жалпы жарандык паспорттун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара алып салуу болду (90 күнгө чейин), бул Кыргызстан менен Сербиянын өз ара кызматташтыгын өнүктүрүү жолундагы реалдуу кадам жана биздин жарандардын өз ара барып келүүсүн жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүүнү жеңилдетет.








Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Апрель 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика