кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги кайрымдуулук иш-чарасына катышты


2017-жылдын 2-декабрында Венада Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги Венада жашаган мекендештердин колдоосу астында, Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Аялдар гильдиясы уюштурган, салттуу Иса пайгамбардын туулган күнүндөгү кайрымдуулук базарына катышты.

Быйылкы жылы Аялдар гильдиясы өзүнүн 50-жылдык мааракесин белгиледи. Уюм өзү иштеген бардык жылдарда кыйын абалга кабылган дүйнөнүн булуң-бурчундагы балдарга жардам берүүгө чакырган, кайрымдуулук долбооруна каражат топтоп келет.

Кыргыз аянтчасы ата-мекендик өндүрүштөн чыккан продукцияларды көрсөттү. Австриялыктар жибектен жана кийизден, балаты оюнчуктарынан, кийиз бут кийимдерден, ювелирдик буюмдардан турган буюмдардын кеңири ассортименти менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жасалган уникалдуу сувенирлерди сатып алуудан тышкары. Кайрымдуулук базарында салт болуп калган 40 өлкөнүн тамак-ашы көрсөтүлдү. Мындан тышкары, Аялдар гильдиясынын урматына ар түрдүү өлкөлөрдүн фольклордук жамааттары өнөр көрсөтүштү.





Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Ноябрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика