кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Үстүбүздөгү жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси О.Рахимов чакырылды


2014-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Баткен обласына караштуу Баткен районунун Жака-Өрүк деген жеринде Тажикстан Республикасынын жарандары тарабынан туталган чыр чатак окуясына байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси О.Рахимов чакырылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий нотасын тажик дипломатына тапшыруу менен, Кыргыз Республикасынын территориясында орун алган Тажикстан Республикасынын жарандарынын мыйзам-укукка каршы иш-аракеттери тууралуу терең тынчсыздануусун билдирди, ошондой эле, күнөөкөрлөрдү аныктап - жазалоо үчүн толук чараларды көрүү менен бирге, Кыргыз Республикасынын жарандарына материалдык чыгымдарын калыбына келтирүү талаптарын баса койду.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Октябрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика