кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

КРнын ТИМнин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси М.Исмаилов жаңыдан дайындалган КЭРнын Ош шаарындагы Башкы консулу менен жолукту


Ушул жылдын, 10 январь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мирланбек Исмаиловдун жаңыдан дайындалган Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулу Цуй Шаочунь менен жолугушуусу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар түштүк облустарынын жана Ош шаарынын Кытай Эл Республикасынын аймактары жана шаарлары менен кызматташуусунун учурдагы абалын жана мындан ары өнүктүрүү перспективаларын, ошондой эле 2019-жылы Өкүлчүлүк менен Башкы консулдуктун ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Жолугушуунун алкагында тараптар аймак аралык байланыштарды соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндө чыңдоодо мындан аркы активдүү кызматташууга даярдыгын белгилешти.
Маектешүүнүн аягында Өкүлчүлүктүн жетекчиси М.Исмаилов Башкы консулга ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, Өкүлчүлүк менен Башкы консулдуктун ортосундагы кызматташуусу мындан ары да бекемделишине ишенимин билдирди.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Январь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика