кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Өкүлчүлүк Ош шаарында аккредитацияланган дипломатиялык корпус менен жолугушуу өткөрдү


Ушул жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Ош шаарында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен дипломатиялык корпустун өкүлдөрүн аккредитациялоо жана дипломатиялык транспорт каражаттарын тариздөө маселелерин түшүндүрүүгө багытталган кеңейтилген жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга Ош шаарындагы Орусия Федерациясынын Башкы консулдугунун, Ош шаарындагы Кытай Эл Республикасынын Башкы консулдугунун, Ош шаарындагы Казахстан Республикасынын консулдугунун, ошондой эле эл аралык уюмдардын жергиликтүү кеңселеринин өкүлдөрү катышты.
Ушул эле күнү, Өкүлчүлүк Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жана Ош шаарынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган өкүлдөрү үчүн эл аралык иш-чараларды даярдоо жана уюштуруу (чет элдик конокторду аэропортто/чек арада тосуу/узатуу, тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, чет элдик делегаттарды жайгаштыруу/отургузуу ж.б), ошондой эле КРнын тышкы саясат чөйрөсүндө КРнын мамлекеттик органдарынын өз ара кызматташуусу маселелери боюнча семинар өткөрдү.
Бул иш-чаранын башкы максаты болуп эл аралык иш-чараларды уюштуруу жана КРнын бирдиктүү тышкы саясий багытын жүргүзүү максатында КРнын мамлекеттик органдарынын тышкы ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө өз ара кызматташуу маселелеринде мамлекеттик орган кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу болду.
Семинарда, КРнын Өкмөтүнүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрацияларынын жана Ош шаарынын Мэриясынын 15 ашуун өкүлдөрү катышты.
Ошону менен катар, 29 ноябрь күнү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган өкүлдөрүнүн Ош шаарында жайгашкан дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен биргелешкен жолугушуусу өттү. Жолугушууда Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жана Ош шаарынын экономикалык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү презентацияланып, эл аралык уюмдардын долбоорлорун жана программаларын ишке ашырууда өз ара кызматташуу суроолору талкууланды.
Аягында, жолугушуулардын катышуучулары уюштурулган иш-чаралар үчүн ыраазычылык билдиришти.
Өкүлчүлүк Ош шаарында аккредитацияланган дипломатиялык корпус менен жолугушуу өткөрдү
Өкүлчүлүк Ош шаарында аккредитацияланган дипломатиялык корпус менен жолугушуу өткөрдү
Өкүлчүлүк Ош шаарында аккредитацияланган дипломатиялык корпус менен жолугушуу өткөрдү




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика