кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

КРнын ТИМнин БЖО облустарындагы ЫУӨнүн жетекчиси М.Исмаилов КРнын дипломатиялык кызматкеринин күнүнө арналган ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин студенттеринин катарына кабыл алуу салтанаттуу аземине катышты


Ушул жылдын, 24 октябрькүнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мирланбек Исмаилов Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкеринин күнүнө арналган Ош Мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинин студенттеринин катарына кабыл алуу салтанаттуу аземине катышты.
Иш-чарада Орусия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин, Казахстан Республикасынын Ош шаарындагы Консулу Данияр Атанов, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Андижан Мамлекеттик Университетинин жана Чехия мамлекетинин Батыш-Чех Университетинин декандары да катышты.
Өз куттуктоо сөзүндө Өкүлчүлүктүн жетекчиси М.Исмаилов Кыргызстандын азыркы дипломатиялык кызматынын түптөлүшүнүн тарыхын кыскача айтып, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 27 жыл аралыгындагы тышкы саясаттагы жетишкендиктерин, ошону менен катар Кыргыз Республикасы мененӨзбекстан, Казахстан, Тажикистан жана КЭР ортосундагы чек аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн жакшы динамикасын белгиледи.
Ошондой эле, М.Исмаилов Өкүлчүлүк менен Университеттин ортосундагы тыгыз кызматташууну баса белгилеп, жаңыдан студент болгондорго окууларына ийгилик каалады.
Иш-чара студенттерге окуучулук китепчесин тапшыруу жана Факультеттин окуучулары тарабынан даярдалган концерт менен коштолду.







Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Апрель 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика