кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

КРнын ТИМнин БЖО облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси М.Исмаилов ЮНИСЕФдин Ош шаарындагы кеңсесинин жаңы дайындалган башчысы Э.Каниев мырза менен жолукту


Ушул жылдын, 28 сентябрь күнү КРнын ТИМнин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мирланбек Исмаилов ЮНИСЕФдин Ош шаарындагы кеңсесинин жаңы дайындалган башчысы Э.Каниев мырза менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө М.Исмаилов Э.Каниевди жаңы кызмат орду менен куттуктап, Өкүлчүлүк менен ЮНИСЕФдин мындан ары да жемиштүү кызматташууна үмүтүн билдирди.
Ошондой эле, тараптар ЮНИСЕФдин учурдагы ишмердүүлүгүн жана Ош, Жалал-Абад облустарында саламаттыкты сактоо, билим берүү жана бала менен эненин укугун коргоо тармактарында жүргүзүлүп жаткан долбоорлорду талкуулашты.
Өкүлчүлүктүн жетекчиси М.Исмаилов КРнын ТИМнин Ош жана Жалал-Абад облустарында социалдык мекемелерин колдоо жаатында жасалып жаткан иштер жөнүндө кыскача айтты, ошондой эле коомдун аярлуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга жардам берүүнү сунуштады, тактап айтканда, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүү мектеп-интернатына.
Өз кезегинде, ЮНИСЕФдин башчысы Э.Каниев айтылган сунуштарды карап көрүүгө жана мектеп-интернатка барууга даярдыгын билдирди.
Жолугуушун аягында тараптар тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдиришти.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика