кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Ош шаарында дипломатиялык корпусунун командаларынын ортосунда жыл сайын өтүүчүмини-футбол боюнча VI-мелдеши өттү.


Ушул жылдын 29-сентябрь күнү КРнын ТИМнин БЖО облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган Ош шаарындагы дипломатиялык корпустун командаларынын ортосунда КРнын ТИМнин Кубогу үчүн жыл сайын өтүүчү кичи-футбол боюнча VI-чы мелдеши өттү.
Аталган иш-чаранын башкы максаты сергек жашоону пропагандалоо жана Ош шаарында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн дипломатиялык корпусунун арасындагы достук мамилени чыңдоо болду.
Мелдешүүгө КРнын ТИМнин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, КРнын Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Ош шаарында аккредиттелген чет элдик консулдук мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын командалары катышышты.
Оюндун башкы калысы ФИФАнын белгилүү эл аралык категориядагы рефериси Б.Кочкаров болду.
Мелдешүүнүн жыйынтыгында биринчи орунду Кызыл жарым ай жана Кызыл крест эл аралык комитетинин курама командасы ээлесе, экинчи орунду КРнын ТИМнин БЖО облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүнүн, ал эми үчүнчү орунду MSDSP («Ага-Хана» КФ) командалары камсыз кыла алышты.
Иш-чаранын аягында КРнын ТИМнин Кубогу тапшырылып, катышуучулар ардак грамоталар менен сыйланды.
Ош шаарында  дипломатиялык корпусунун командаларынын ортосунда жыл сайын өтүүчүмини-футбол боюнча VI-мелдеши өттү.
Ош шаарында  дипломатиялык корпусунун командаларынын ортосунда жыл сайын өтүүчүмини-футбол боюнча VI-мелдеши өттү.
Ош шаарында  дипломатиялык корпусунун командаларынын ортосунда жыл сайын өтүүчүмини-футбол боюнча VI-мелдеши өттү.
Ош шаарында  дипломатиялык корпусунун командаларынын ортосунда жыл сайын өтүүчүмини-футбол боюнча VI-мелдеши өттү.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика