кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Ош шаарында «Дипломатия чөйрөсүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү» атту тегерек стол болуп өттү


Ушул жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ош Мамлекеттик университети менен биргеликте «Дипломатия чөйрөсүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү» аттуу тегерек стол өткөрдү.
Аталган тегерек стол Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы» жарлыгын ишке ашыруу максатында Ош шаарында өттү.
Тегерек столго КРнын ТИМнин, КРнын ТИМнин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, КРнын ТИМнин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын окутуучулары, КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аймактардагы өкүлү жана Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары жана студенттери катышышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө мамлекеттик тилдин кыргыз дипломатиясындагы азыркы абалы жана анын келечеги талкууга алынды. Ошондой эле, Министрликтин мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча аткарып жаткан иштери жана келечектеги пландары тууралуу кенен маалымат берилди.
Болуп өткөн иш чаранын аягында катышуучулар тарабынан дипломатия жаатында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сунуштар жана пикирлер айтылды.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Өкүлчүлүктүң кызматкерлери жана Дипломатиялык академиянын окутуучулары тарабынан ОшМУнун студенттерине конок лекциялары окулду жана студенттер тарабынан берилген суроолорго жооптор берилди.

Ош шаарында «Дипломатия чөйрөсүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү» атту тегерек стол болуп өттү
Ош шаарында «Дипломатия чөйрөсүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү» атту тегерек стол болуп өттү
Ош шаарында «Дипломатия чөйрөсүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү» атту тегерек стол болуп өттү




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Октябрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика