кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

КРнын ТИМнин БЖО облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси М.Исмаилов КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү У.Жылкыбаев менен жолукту


Ушул жылдын, 22 август күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мирланбек Исмаилов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө М.Исмаилов Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн ишмердиги жана негизги милдеттери, ошондой эле ушул жылга карата өкүлчүлүктүн иш планы тууралуу кыскача айтып берди.
Ошону менен биргеликте, тараптар Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашыруу чөйрөсүндө өз ара кызматташуу, аймакка чет элдик акчалай каражат тартуу, ошондой эле Ош облусунун чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эл аралык кызматташуусун кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чек ара облустарынын жетекчилеринин Кеңешинин экинчи отурумун уюштуруу маселелеринде, облустун боордош байланыштыран өнүктүрүүдө, ошондой эле Ош облусунун аймагында эл аралык экономикалык иш чараларды өткөрүүдө тыгыз кызматташуу зарылдыгы белгиленди.
КРнын ТИМнин БЖО облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси М.Исмаилов КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү У.Жылкыбаев менен жолукту




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика