кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Ош шаарында «Евразиянын Бизнес Айымы-2018» эл аралык универсалдык дүӊ-чекене соода көргөзмө-жарманкеси болуп өттү


2018-жылдын 7-мартында Ош шаарында жайгашкан «Таатан-Ош» соода борборунда «Евразиянын Бизнес Айымы-2018» эл аралык универсалдык дүӊ-чекене соода көргөзмө-жарманкесинин ачылыш аземи болуп өттү.

Аталган аземге Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов, Ош шаарынын мэриясынын бирични вице-мэри Замир Аскаров, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Калдарали Маматалиев, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Болотбек Купешов, Индонезиянын Кыргыз Республикасындагы жана Өзбекстан Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Анака Агунга Где Алита Сантику, Кытай эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Сун Лицюнь, ошондой эле Кыргызстандын, Өзбекстандын, Кытайдын, Индонезиянын бизнес өкүлдөрү, Ош шаарынын коноктору жана тургундары катышышты.

Жарманкеде атамекендик жана чет өлкөлүк ишканалардын продукцияларынын үлгүлөрү: өнөр жай жана жеӊил өнөр жай товорлары, кайра иштетүү тармагынын продукциясы, керектөө буюмдары (кийим, бут кийим, галантерея, парфюмерия, тиричилик химиясы, сувинирлер, куурчактар), тамак-аш продукциясы, улуттук жана кол өнөрчүлөр жасалгалары сунушталды.

Көргөзмө-жарманкенин алкагында бизнес форум, ошондой эле фирмалардын инвестициялык долбоорлорунун презентациясы уюштуруулду.

Иш-чаранын уюштуруучулары: КРнын Соода-өнөр жай палатасы, КРнын Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КРнын ТИМнин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ош шаарынын мэриясы.





Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Октябрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика