кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктө КРнын ТИМнин чыкма аппараттык кеңешмеси өттү


Ушул жылдын, 13 январь күнү КРнын Тышкы иштер министрлигинин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө КРнын тышкы иштер Министринин Биринчи орун басары Д.Кемелованын жетекчилиги алдында КРнын ТИМнин чыкма аппараттык кеңешмеси өттү.
Кеңешменин ишине КРнын ТИМнин Статс-катчысы А.Омокеев, тышкы иштер Министринин орун басары Н.Абдурахманов, КРнын ТИМнин өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчиси К.Бактыгулова жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.
Отурумдун жүрүшүндө Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн ишинин негизги багыттары, ошондой эле Ош шаарында Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн имаратынын комплексин куруу суроолору талкууланды.
Ошону менен катар, катышуучулар Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн 2017-жылдагы ишмердигинин жыйынтыктары жана 2018-жылдагы ишинин планы менен таанышышты.
Кеңешменин жыйынтыгында актуалдуу маселелер аныкталып, отурумдун катышуучуларына тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктө КРнын ТИМнин чыкма аппараттык кеңешмеси өттү

Мындан сырткары, чыкма кеңешменин алкагында министрдин Биринчи орун басары Д.Кемелованын Карасуу дүлөйлөр үчүн жалпы билим берүү мектеп-интернатынын директору Ш.Бекажиев менен жолугушуусу өттү. Көрсөтүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө Ш.Бекажиев Министрликке көрсөтүп жаткан колдоосуна чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, КРнын ТИМнин жетекчилигине ыраазычылык каттарды тапшырды.
Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктө КРнын ТИМнин чыкма аппараттык кеңешмеси өттү
Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктө КРнын ТИМнин чыкма аппараттык кеңешмеси өттү

Ошону менен биргеликте, Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктө Министрдин орун басары Н.Абдрахманов Ош шаары, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тургундарынын консулдук-укуктук суроолору боюнча кайрылууларын кароо үчүн жарандарды жеке кабыл алды.
Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктө КРнын ТИМнин чыкма аппараттык кеңешмеси өттү
.




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Июнь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика