кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Өкүлчүлүк Жаңы жылга карата кайрымдуулук иш-чараларды өткөрдү


Ушул жылдын 26 жана 28-декабрында Жаңы 2018-жылга карата Кыргыз Республикасынын ТИМнин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү КРнын ТИМнин тарабынан камкордукка алынган социалдык мекемелер - Ош облусунун Карасуу районундагы Карасуу атайын дүлөй балдар үчүн жалпы билим берүү мектеп-интернаты жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ж.Боконбаев атындагы Октябрь балдар үйү тарабынан уюштурулган жаңы жылдык иш-чараларга катышты.
Аталган иш-чаралардын алкагында Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары Калдарали Маматалиев социалдык мекемелердин тарбиялануучуларын жана кызматкерлерин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга иштерине жана окууларына ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле, Өкүлчүк жалпы суммасы 40 000 сомду түзгөн 37 даана кышкы бут кийимдерди Октябрь балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, ал эми Карасу мектеп-интернатынын балдарына жаңы жылдык белектерге 10 000 сом өлчөмүндө акча каражаттарын тапшырды.
Социалдык мекемелердин тарбиялануучулары жана кызматкерлери, өз кезегинде, КРнын Тышкы иштер министрлигине ар дайым колдоо көрсөтүп, көңүл бургандыгына чоң ыраазычылык билдиришти.






Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Январь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика