кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк адамдарды сатууну алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрдү


Ушул жылдын 6-декабрында КРнын Тышкы иштер министрлигинин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү «Эл аралык Коргоосуна Көмөктөшүү Борбору» коомдук фонду менен биргеликте ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин финансылык колдоосу менен «Адамдарды сатууну алдын алуу: мамлекеттик органдардын кызматташуусунун абалы жана перспективалары» аттуу тегерек стол уюштурду.
Иш-чаранын максаты болуп – мамлекеттик органдардын адамдарды сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ишмердигинин жыйынтыктарын көрсөтүү жана аталган чөйрөдө ведомстволор аралык кызматташууну бекемдөө боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болду.
Иш-чарага КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, Ош шаарынын Вице-мэри Нурбек Кадыров, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова, түштүк облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү мамлекеттик органдарынын, жарандык коомдун жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жана Ош шаарынын мэриясынын ушул жылдын август айында башталган «Адам сатууга каршы 100 күндүк» улуттук программасынын алкагында адамдарды сатууну алдын алуу чөйрөсүндө ишмердигинин бет ачары болду.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан адамдарды сатууну алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун чыңдоого багытталган резолюция кабыл алынды.
Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк адамдарды сатууну алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрдү
Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк адамдарды сатууну алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрдү




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий



Кыргызстандын жаңылыктар



Архив

«    Январь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 


Урматтуу жарандар!

Коррупциялык схемалар же көрүнүштөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикоррупциялык сайты аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
КРнын Өкмөт Аппаратынын ишеним телефону:
+(996-312) 62-53-85 (9:00 дөн 18:00 гө чейин жумуш күндөрү)










 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргыз Республикасы, Ош ш., Ленина көч. 318    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Кыргызстандын түштүгү боюнча кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Яндекс.Метрика