Ушул жылдын,28 сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мирланбек Исмаилов Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ха Тэ Ек мырза менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар түштүк облустарынын жана Ош шаарынын Корея Республикасы менен кызматташуусунун учурдагы абалын жана мындан ары өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты.
Тагыраак айтканда, Өкүлчүлүктүн жетекчиси М.Исмаилов тарабынан 2018 жылды – аймактарды өнүктүрүү Жылы деп жарыяланганына жана облустардын потенциалын жогорулатуу боюнча программалардын көбөйүшүнө байланыштуу регион аралык кызматташууну чыңдоо зарылдыгы белгиленди. Ошону менен катар, М.Исмаилов региондун Корея менен экономика, айыл-чарба, билим берүү жана туризм тармактарында мындан аркы кызматташуусун өнүктүрүү, ошондой эле Корея эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги аркылуу (KOICA), маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Өз тарабынан, Ха Тэ Ек мырза билим берүү жана айыл-чарба тармактарында регион аралык байланыштарды чыңдоого, ошондой эле региондор ортосунда боордош байланыштарды өнүктүрүүгө, Кореядан Кыргызстандын түштүк регионуна туристтик агымды арттырууга кызыктар экенин белгиледи.
Жолугушууда Ош облусунун ИИБнын өкүлдөрү да катышып, коопсуздук чөйрөсүндөгү абал тууралуу Элчини маалымдашты.
Жолугушуунун аягында Өкүлчүлүктүн жетекчиси М.Исмаилов Элчини жаңы дайындалышы менен куттуктап, ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Белгилей кетчү нерсе, Элчинин Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Өкүлчүлүк облустун жана Ош шаарынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүүгө, Ош Мамлекеттик университетинин (ОшМУ) жана Ош технологиялык университетинин (ОшТУ) студенттерине лекцияларды уюштурууга, ошондой эле Ош шаарындагы «Мурас» тигүү фабрикасын көрүп кетүүгө көмөктөштү.
Подробнее