кыр | рус | Eng  
Разделы сайта

Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арналган адабий кече откорулду


Кече, Берлин шаарында (Германия), Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында, залкар жазуучуга арналган адабий кече жана фотокөргөзмө өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, жазуучу-айтматовед, адабий критик Ирмтрауд Гучке, жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу айтып берип, суроолорго жооп берди.

Элчилик тарабынан уюштурулган фотокөргөзмө катышуучуларга абдан кызыктуу болгонун белгилеп, меймандар Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка жана жааш муунду тарбиялоого кошкон өзгөчө салымын баса белгилешти.

Кеченин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин өкүлдөрү меймандарга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, 2018-жылдын октябрынын башында Кыргыз Республикасында боло турган «Чыңгыз Айтматов жана азыркы замандын көйгөйлөрү» Эл аралык Ысык-Көл форуму жөнүндө айтып беришти.

Иш-чарага герман жазуучулары, алабий критиктер жана окумуштуулар катышышты.
Подробнее

4-сентябрда Доха шаарында Мергенчилердин жана куш салуучулардын эл аралык кѳргѳзмѳсү башталып, ага КРнын Катардагы Элчилиги катышууда


4-сентябрда Доха шаарында Мергенчилердин жана куш салуучулардын эл аралык кѳргѳзмѳсү башталып, ага Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги катышууда. Кѳргѳзмѳ “Катара” маданий борбору жана “Аль-Ганнас” куш салуучулардын коому тарабынан уюштурулуп, мергенчиликке байланышкан шаймандар, ар кыл эмеректер, жаңы технология жана буюмдар, унаалар, жашоого ыңгайлашкан вагондор, атайын техникалык каражаттар жана башкаларды кѳргѳзүүгѳ жана сатууга арналган. Кѳргѳзмѳдѳ Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги мекендерштердин колдоосу менен кыргыз боз үйүн тигип, кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана салттары, ошондой эле туризм мүмкүнчүлүктѳрү менен араб элдерин жана конокторду тааныштырууда. Иш-чаранын жүрүшүндѳ Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчиси Нуран Ниязалиев “Катара” маданий борборунун башчысы д-р Халид бин Ибрахим Аль-Сулаити жана “Аль-Ганнас” катарлык кушчулар коомун тѳрагасы Али Аль-Мехшади менен жолугушуу ѳткѳрдү.
Подробнее

КРнын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги 31-августта бул ѳлкѳдѳ жашаган кыргыз жарандары үчүн КРнын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо аземин ѳткѳрдү


Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги 31-августта бул ѳлкѳдѳ жашаган кыргыз жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо аземин ѳткѳрдү. Салтанаттуу аземдин ачылышында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчиси Нуран Ниязалиев баардык мекендештерди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, ѳлкѳнүн 27 жылдык тарыхындагы негизги ийгиликтери менен жетишкендиктерин белгиледи. Республика бүгүнкү күндѳ дүйнѳлүк коомчулуктун толук кандуу жана жооптуу мүчѳсү экендигин баса айтып, анын чет ѳлкѳлѳр, анын ичинде Катар Мамлекети менен кызматташуусу бекемделип жаткандыгын кабарлады. 2018-жылы Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 20 жылдыгы белгиленип жаткандыгын айтып, Элчи Нуран Ниязалиев Доха шаарындагы кыргыз Элчилиги жасап жаткан иш-аракеттер тууралуу кеңири айтып берди. Кыргыз жарандарына консулдук жактан кѳрсѳтүлүп жаткан жардам жана 2018-жылдын 8-9-августунда Чолпон-Атада ѳткѳн “Мекендештер” форуму жѳнүндѳ маалымат берди. Майрамдоо учурунда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган атайын адабий викторина уюштурулду жана кайрымдуулук лотерясы ѳткѳрүлдү
Подробнее

Кыргызстандын Италиядагы элчилиги Кальяри шаарында КРнын Эгемендүүлүк күнүнүн 27-жылдыгына арналган маданий иш-чарага катышты


Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жашаган жана иштеген жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо жана алдыга карай жылдыруу боюнча жүргүзүлгөн туруктуу иштердин алкагында Женева шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилиги 2018-жылдын 2-сентябрында Италиянын Кальяри шаарында болуп өткөн Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 27-жылдыгына арналган маданий иш-чарага катышты. Майрамдык иш-чара жакында түзүлгөн жана Кальяриде расмий каттоодон өткөн кыргыз жарандарынын "Kirghizistan unito in Sardegna" аттуу уюму тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө 250гө жакын кыргыз жарандары Кыргызстандын желеги менен Кальяри шаарынын борбордук бөлүгү аркылуу өтүшүп, андан соң майрамдык концерттик программа болуп өттү. Катышуучулардын арасында шаардын мэриясынын өкүлдөрү, Италиянын Неаполь, Казерта, Милан, Болонья шаарларындагы кыргыз жарандары, жергиликтүү тургундар жана көптөгөн туристтер болушту.

Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчиси Д.Мукашев өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө Италиядагы кыргыз мекендештерди мамлекеттин жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчиликтеринин атынан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, аларга жеке жана профессионалдык ийгиликтерди каалап өттү. Ал ошондой эле жергиликтүү бийликтерге кайрылып, кыргыз жарандарына жана Сардиниядагы кыргызстандык мекендештерди бириктирген аталган уюмга колдоо көрсөтүүгө чакырды жана Элчилик бул тармакта кызматташууга ар дайым даяр экендигин баса белгиледи.

Майрамдык иш-чаранын алкагында Элчи Д.Мукашевдин кыргыз жарандары менен өзүнчө жолугушуусу болуп өтүп, анын жүрүшүндө ал Кыргызстандагы учурдагы абал, өлкөнүн жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан ички жана тышкы саясат жөнүндө баяндап берди. Элчи чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык жарандарды коргоо жана колдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана анын чет элдеги мекемелеринин приоритеттүү максаттарынын бири экендигин өзгөчө белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө Италиядагы кыргыз жарандар өздөрүнүн көйгөйлөрү тууралуу маалымат беришип, аларды чечүү боюнча сунуштарын киргизишти. Ошону менен бирге кыргызстандык мекендештер Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы карым-канташтарды андан ары өркүндөтүү боюнча өз салымдарын кошо тургандыктарын билдиришти.
Подробнее

Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Элчилиги швейцариялык бизнесмендер тобунун Кыргыз Республикасына экинчи иш-сапарын уюштурат


Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Элчилиги Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу жана Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы ишкер байланыштарды кеңейтүү жана чыңдоо максатында үстүбүздөгү жылдын 5-9-сентябрларында швейцариялык бизнесмендер тобунун Кыргыз Республикасына экинчи иш-сапарын уюштурат. Швейцариялык бизнесмендердин бул сыяктуу биринчи иш-сапары 2017-жылдын сентябрь айынын аягында болуп өткөн. Быйылкы иш-сапар Женеванын "Швейцария-РФ/КМШ" соода палатасынын демилгеси алдында өткөрүлүп жатат.

Бизнесмендер тобу Швейцариянын бизнес-чөйрөсүнүн 10 өкүлүнөн турат, алар экономиканын ар кайсы тармактарында иш жүргүзүшөт. Иш-сапардын жүрүшүндө топтун мүчөлөрү Кыргызстандын Экономика министрлигинин, Бишкек шаарынын Мэриясынын, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин, Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиликтери менен жолугушмакчы. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик бизнес топ үчүн Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тууралуу презентация көрсөтүп, өлкөнүн бизнес-коомчулугунун, ишкерлер ассоциациялырынын жана кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен тегерек стөл уюштурмакчы. Топтун Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен боло турган жолугушуусунда швейцариялык ишкерлер менен түздөн-түз контакттарды түзүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болгон Кыргызстандын бизнес-чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Швейцариялык бизнес-делегация ошондой эле Ысык-Көлдө болуп жаткан Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, Оюндардын расмий жабылуу церемониясында конок болмокчу.

Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Элчилиги швейцариялык бизнес-топтун Кыргызстанга боло турган иш-сапары эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык байланыштарды өркүндөтүүгө кошумча түрткү берип, Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт деп үмүттөнөт.
Подробнее

Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү М.Молдоисаева БУУнун Башкы Ассамблеясынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланды


2018 жылдын 4 сентябрында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунундагы туруктуу өкүлү М.Молдоисаева БУУнун Башкы Ассамблеясынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланды.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын Президенти М.Лайчак 2030 жылгы чейинки өнүктүрүү тармагындагы күн тартибин ишке ашыруу боюнча орто кирешелүү өлкөлөрдүн туш болгон маселелери боюнча Жогорку даражадагы талкууну даярдоодогу өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү аткаруудагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү М.Молдоисаеванын салымын таануу катарында Ардак грамотаны тапшырды.

Маалымат үчүн: БУУнун Башкы Ассамблеясынын Президенти М.Лайчак 2018 жылдын 7 Майында Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү М.Молдоисаеваны жана Норвегиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Т.Хаттремди 2030 жылга чейинки өнүктүрүү тармагындагы күн тартибин ишке ашыруу боюнча орто кирешелүү өлкөлөрдүн туш болгон маселелери боюнча Жогорку даражадагы талкууну даярдоодогу өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү аткаруу үчүн дайындаган.

Бул ишти аткарууда, Кыргызстандын туруктуу өкүлүнүн чогуу жетекчилиги астында БУУга мүчө-мамлекеттердин, анын ичинде G77, ЕБ,"орто киреше достору тобу" жана башкалар менен талкуулар болуп өткөн.
Подробнее

КР кинематография департаментинин директору М.Бектеналиев ӨР «Узбеккино» улуттук агентлигинин башкы директору Ф.Зокиров менен жолугушуу өткөрдү


2018-ж. 5-сентябрда Элчиликтин колдоосуу менен Биринчи эл аралык «маком» маданият форумуна катышуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары – кинематография департаментинин директору М.Бектеналиев Өзбекстан Республикасынын «Узбеккино» улуттук агентлигинин башкы директору Ф.Зокиров менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда тараптар эки жактык кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулап, биргелешкен иш-пландар тууралуу пикир алмашуу болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кинематография департаментинин жана Өзбекстан Республикасынын «Узбеккино» улуттук агенттиги ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол коюлду.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин кенешчиси С.Раев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары М.Бектеналиев, К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын ректору М.Бегалиев жана элчиликтин кызматкерлери катышты.
Подробнее

2018-жылдын 27-августунда Украинада мини-футбол боюнча КРнын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин Кубогуна мелдеш өткөрүлдү


2018-жылдын 27-августунда Украинанын борбору Киев шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27-жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 90-жылдык юбилейине карата мини-футбол боюнча Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин Кубогуна болгон мелдеши өткөрүлдү. Турнирге Киев шаарында жана Киев областында жашап жаткан кыргыз жарандарынын командалары катышты. Турнирдин жыйынтыктары боюнча, жеңүүчүлөргө Кубок, диплома жана медалдар тапшырылып, ал эми өзгөчө мыкты ойногон оюнчуларга баалуу белектер тапшырылды.
Подробнее

В городе Берлин состоялся литературный вечер, а также фотовыставка, посвященные творчеству Ч.Айтматова


Вчера, в городе Берлин (Германия), в рамках 90-летия Героя Кыргызской Республики, Народного писателя Кыргызской Республики Чынгыза Айтматова, состоялся литературный вечер, а также фотовыставка, посвященные творчеству великого писателя.

В ходе мероприятия, писатель-айтматовед, литературный критик Ирмтрауд Гучке, рассказала о творчестве писателя, а также ответила на интересующие вопросы.

Фотовыставка, организованная Посольством КР в ФРГ вызвала большой интерес у участников мероприятия. На ней присутствующие отметили особый вклад Чынгыза Айтматова в мировую литературу и воспитание молодого поколения.

В ходе вечера, представители Посольства КР в ФРГ поблагодарили присутствующих за участие в мероприятии, а также была представлена информация о Международном Иссык-Кульском форуме «Чынгыз Айтматов и вызовы современности», который состоится в начале октября 2018 года в Кыргызской Республике.

На мероприятии приняли участие германские писатели, литературные критики и деятели науки.
Подробнее

Посольством Кыргызской Республики в Республике Беларусь проведен торжественный прием по случаю 27-летия Независимости Кыргызской Республики


6 сентября 2018 года в г. Минск Посольством Кыргызской Республики в Республике Беларусь проведен торжественный прием по случаю 27-летия Независимости Кыргызской Республики.

В мероприятии приняли участие представители государственных органов Республики Беларусь, главы и представители дипмиссий иностранных государств, Исполкома СНГ, представители регионов и местных администраций, общественные деятели Беларуси, кыргызские студенты, а также представители СМИ. МИД РБ было представлено Первым заместителем министра А.Евдоченко.

С приветственной речью выступили Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызской Республики в Республике Беларусь Кубанычбек Омуралиев и сопредседатель кыргызско-белорусской Межправкомиссии, Министр сельского хозяйства и продовольствия Республики Беларусь Леонид Заяц.

В своей речи Посол К.Омуралиев отметил, что «несмотря на все трудности на пути создания свободного общества, Кыргызстан выбрал свой уникальный и неповторимый путь демократического развития». Было подчеркнуто вклад Всемирных игр кочевников в межкультурный диалог, укрепление социальной сплоченности, мира и развития

Вместе с тем Посол поблагодарил белорусскую сторону за увековечения памяти Народного писателя Чынгыза Айтматова присвоением имя «Парка имени Чынгыза Айтматова» в г. Минск, издание на белорусском языке книги писателя «И дольше века длится день», а также за совместные мероприятия в честь 90-летия Айтматова, которые прошли и пройдут до конца года.

В свою очередь представитель белорусской стороны - сопредседатель кыргызско-белорусской Межправкомиссии, Министр сельского хозяйства и продовольствия РБ Л.Заяц отметил наметившуюся в последнее время положительную динамику развития двустороннего кыргызско-белорусского диалога, в том числе на уровне двусторонней Межправкомиссии.

Вниманию гостей были представлены фотовыставка «Айтматов – дипломат» и «Третье Всемирные Игры Кочевников», видеофильмы о Кыргызстане, а также выставлены предметы прикладного искусства, издания об истории, культуре, поэзии и искусстве Кыргызстана.
Подробнее




Новости Кыргызстана



Архив

«    Сентябрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930


Уважаемые граждане!

Просим Вас сообщать о коррупционных схемах или проявлениях в Аппарат Правительства Кыргызской Республики через Антикоррупционный сайт Правительства Кыргызской Республики
Телефон доверия Аппарата Правительства КР:
+(996-312) 62-53-85 (с 9:00 до 18:00 по будням)
Телефон доверия МИД КР:
+(996-312) 62-50-88 (с 9:00 до 18:00 по будням)
Телефон доверия Полпредства МИД КР по югу Кыргызстана:
+(996-3222) 2-92-86 (с 9:00 до 18:00 по будням)










 

Министерство иностранных дел Кыргызской Республики

 
 

Государственные органы власти

 
Разделы сайта
Кыргызская Республика, г. Ош, ул. Ленина 318,    +996 32 22 5 55 46
 

© 2013 Полномочное представительство МИД Кыргызской Республики по югу Кыргызстана

Яндекс.Метрика